super.kg logo

Эдуард Кубатов Эверестке канча убакыт даярданган?

 

Альпинист Эдуард Кубатов Эверест чокусун багындырууга 7 жыл даярданганын SUPER.KG порталынын маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.

"Альпинизм - бул чоң спорт. Оор, татаал. Чоң альпинизмде 8 миң метрден ашканда "өлүм зонасына" киресиң да. Аябай чоң кыйынчылыктардан өтөсүң. Бул спортко мен өзүм дагы кеч келдим. 2014-жылы, 42 жашта. План деле болгон эмес, капыстан эле келгем. Австралиялык чоң команда келип, алар тараптан чакыруу болду. 7119 метр бийиктикке чыгып келгенден кийин альпинизмге шыгым бар экенин түшүндүм.

Эверестке 7 жыл даярдандым. Бул аябай татаал жылдар болгон. Ар күнү эки маал машыгам. Кээ бир адамдар бул нерселерди бир жылдын ичинде жасайт. Айрымдар 5 жылда жасайт. 7 жыл ушунчалык камданганым үчүн Эвересттин баасы, мааниси мага өтө бийик" деди ал.

Белгилей кетсек, SUPER.KG порталынын маалымат-борборунда бүгүн, 20-июнда дүйнөнүн эң бийик чокусун - Эверестти багынткан альпинисттер Эдуард Кубатов, Кадыр Сайдилкан жана Илим Карыпбеков күйөрмандары менен бейформал жолугушту. Анда альпинисттер тоого болгон сапарлары, кызыктуу окуялары, баалуулуктары тууралуу кеп салды. Мындан тышкары күйөрмандардын суроолоруна жооп беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: