super.kg logo
  Саясат  

Депутат Кадырбеков казино иштетүүгө тыюу салууну сунуштады

 

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кайра жокко чыгарууну сунуштады.

Жыйында "Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Кадырбеков муну казинодон айтылган суммадагы салык түшпөй жатканы менен түшүндүрдү. Ошондой эле эл өкүлү Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевден кумар оюндарына бөгөт коюучу мыйзам иштеп чыгууну суранды.

"Казинодон жылына 3 миллиард сом киреше түшөт дегенсиңер, бирок андай болгон жок. Эми биздин чакырылыштын мөөнөтү бүткөнчө казинону жокко чыгарган мыйзам долбоорун даярдап келсеңиздер. Тарыхта калмаксыз. Эгер ушул мыйзам долбоорун иштеп чыксаңыз, анда кийинкиде эмне мыйзам алып келсеңиз дагы карабай туруп колдоп берем. Жылына 3 миллиард сом түшөт деп бизди ишендиргенсиздер, азыр сурасам 100 миллион сом дагы түшпөгөнүн айтып жатасыздар. Бирок дагы деле үмүт менен жеңилдиктерди карап жатасыздар. Мындан жакшылык болбосуна мен кепилдик берем", - деди ал.

Нуржигит Кадырбеков буга чейин дагы, тагыраагы, 2023-жылы парламенттин 15-ноябрдагы жыйынында казинолордун ишмердүүлүгүнө кайрадан тыюу салууну сунуштаган болчу. Мындай сунушту депутат Балбак Түлөбаев дагы былтыр 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, казинолордон өкмөт убадалаган каражат бюджетке түшпөсө кайрадан жабыш керек деген.

Эске салсак, өлкөдө казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 2022-жылы 30-июнда кол койгон. Аталган мыйзам парламентте талаш-тартыш менен кабыл алынган. Бийликтин казино ачуу демилгесине каршы болгон бир нече адам Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясына чыгышкан.

Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 миллиард сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

Бирок былтыр 30-ноябрда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өлкөдө казинолор иштей баштагандан бери 84 миллион сом киреше түшкөнүн айткан. Ал Финансы министрлигинин тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётунда жыл башынан сентябрь айына чейинки аралыкта өлкөдөгү казино ишмердүүлүгүнөн 58 миллион 950 миң сом салык алынганы маалымдалган.






Жогорку Кеңеш 20.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: