super.kg logo
  Саясат  

“Биздин талабыбыз, "Кумтөрдөгү" Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткире турган күчтүү өкмөттү алып келүү” дейт Эркин Алымбеков

 

Бүгүн, 24-декабрда ЖКнын тармактык комитети өткөрүп жаткан парламенттик угууда депутат Эркин Алымбеков Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой албаган, азыркы чабал өкмөттү кетирүү керектигин айтты. Анын айтымында, парламент Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүн 67 пайызга жеткире турган күчтүү өкмөт алып келүү керек. 

Комитет төрагасы бул сөздү жыйынга келген коомдук ишмер Мамбет Базарбаевдин “Кумтөр" менен сүйлөшүүдө эл арасындагы мекенчил, билимдүү жаштардан комиссия курап, аларга бул ишти тапшыруубуз керек” деген сунушуна жооп катары айтты. Алымбеков "Мындай маселени чече албайт деп башкага ишеним көрсөтсөк, анда өкмөттүн эмне кереги бар?" деп суроо салды.

Эске салсак, 2013-жылдын 23-октябрында парламент өкмөт сунуштаган "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду талкуулап чыгып, бирок колдогон эмес. Кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөткө убакыт берген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: