super.kg logo

“Ишке ашкыс кыял”. Илим Карыпбеков кыргыз альпинизми жөнүндө айтты

 

“Солдат генерал болууну самагандай, Эверест альпинисттин кыялы”. Мындай пикирин дүйнөнүн эң бийик чокусун багынткан альпинист Илим Карыпбеков бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталынын маалымат борборунда күйөрмандар менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, чокуну багындырууга жалпы 3 жыл даярдык көргөн.

“Чокуларды багындыруу менен биз жаштарды сергек жашоого үндөп жатабыз. Мурун альпинизм орустардын спорту деп билсек, азыр жаш муундар арасында кызыккандар көп. Алардын арасында кыздардын даярдыгы күч болуп жатат. Мен Эверестке үч жыл катуу даярдык көрүп анан бардым. Коңшу өлкөлөрдүн арасында эң бийик чокуну багындырып, желегин желбиреткендер жок. Бул кадамдар менен биз кыргыз мамлекети жөнүндө маалыматты дүйнөгө таратып жатабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Эверестке чейин Илим Карыпбеков беш миң метр бийиктиктеги бир нече чокуларды багындырган. Андан соң Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндөгү эң бийик чоку - Ленинге чыгып, 7134 метр бийиктикти багындырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: