“Куюн, кулаган бак-дарак”. Москвада туруксуз аба ырайынан жабыр тарткандар бар экени айтылууда (видео)
Туруксуз аба ырайынан улам Москва шаарын куюн каптап, катуу жаан жаап, шамал бак-дарактарды кулатып жатканын орус басылмалары жазып чыкты.
Маалымдалгандай, 12 адам жабыр тартканы кабарланууда. Ал эми айрым басылмалар каза болгондор да бар экендигин айтышууда.
Борбор калаа бийлиги шаар тургундарын аба ырайына байланыштуу сыртка чыкпоого чакырып, Транспорт министрлиги унаа менен жүрүүдөн жана метродон баш тартууну сунуштады.
Гидрометборбордун маалыматы боюнча, борбордо кооптуу аба ырайы саат 22:00гө чейин созулат. "Фобос" борборунун жетектөөчү адиси Евгений Тишковецтин айтымында, күндүз 34-36 миллиметрге чейин жаан-чачын күтүлөт. Мындай жаан-чачындын жаашы 2015-жылдагы рекордду жаңылашы мүмкүн.
Москва 20.0624
Москва
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.