Альпинизм Кыргызстанга кантип инвестиция тартат? Кадыр Сайдилкандын жообу




Бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталынын маалымат борборунда дүйнөнүн эң бийик чокусун - Эверестти багынткан альпинист Кадыр Сайдилкан өз ийгиликтери менен бөлүшүп жатып, Кыргызстанга инвестиция тартууда альпинизмдин ролун белгилеп өттү.
Анын айтымында, чокуну багындурууга дүйнөнүн эң бай деп эсептелген ишкерлери да баргандыктан, 40 күн ичинде мамлекет жөнүндө маалымат берүүгө кенен мүмкүнчүлүк түзүлөт.
“Көп акча каражатын кетирип жатасыңар, кайрымдуулукка жумшабайбы" дегендер да бар. Тоого короткон акча менен биз мамлекетке инвестиция тартып жатабыз десек болот. Өткөн жылы 481 киши, быйыл 380 киши Эверестти багындырууга барды. Алардын 80 пайызы ишкерлер, мультимиллионерлер, дүйнөдөгү эң бай адамдар. Алар менен ошол 40 күндүн ичинде таанышып, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн айтып жетишип жатабыз. Башка жерден аларга жолугууга мүмкүнчүлүк берилбейт. Анткени жандоочтору жолотпойт. Тоодо мүмкүнчүлүк кенен. Мен Кыргызстанга миллиондорду салып жаткан инвесторлорду чакыра алдык деп айта алам”, - деди ал.
Буга чейин Эвересттин чокусун багындырган Кадыр Сайдилкан деңиз деңгээлинен 8516 метр бийиктикте орун алган Лхоце чокусуна чыгып, ал жерге 4 килограммдык «Манас» эпосун көтөрүп чыккан.
Белгилей кетсек, Кадыр Сайдилкан Эверестти 2023-жылы багындырган үчүнчү кыргызстандык. Ал эми алгачкылардан болуп 1997-жылы мекендештердин арасынан Дмитрий Греков багындырса, экинчилерден болуп Эдуард Кубатов чокуга 2021-жылы чыккан.

