super.kg logo

Эже-сиңдинин балдары болчу. Чүйдө көлмөгө унаа оодарылып, 6 бала каза болду

 

Жайыл районунда жол эрежесин одоно бузганга шектүү жаран камакка алынды. Ал мас абалда унаа башкарып бара жатып каналга оодарылып, 6 жашы жете элек бала чөгүп каза болгон. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-июнда билдирди.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя кечээ, 20-июнда саат 19:00 чамасында катталган.

Окуянын чоо-жайы:

Кара-Балта шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Г.Т. өзүнүн Фольксваген Джетта үлгүсүндөгү унаасы менен жубайы жана төрт баласын, балдызын жана анын төрт баласын алып сууга түшүүгө келишкен. Ошол жерден Г.Т. спирт ичимдигин ичип, болжол менен саат 18:30да мас абалында унаасы менен бурулуп жатып, дөңсөөдөн оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр менен бирге сууга түшүп кеткен. Унаанын ичинен айдоочу Г.Т., келинчеги ымыркайы менен балдызы жана анын 2017-жылы туулган Б.С. бир кызы унаадан чыкканга жетишкен. Ал эми калган алты жашы жете элек бала көлмөгө чөгүп, каза болушкан.

Алардын жансыз денелери суудан чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Бул факты боюнча Кылымыш-жаза кодексинин 312-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: