Бишкектиктердин жашоосу Орусиянын телеканалында көрсөтүлөт




Орусиянын “Башкалардын жашоосу”(“Жизнь других” ) берүүсүнүн чыгармачыл тобу бишкектиктердин жашоосу тууралуу берүү даярдаганы борборго келди. Аны белгилүү теле алып баруучу Жанна Бадоева жетектеп жүрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду бүгүн, 21-июнда билдирди.
Маалымдалгандай, берүүдө билим алуу, ден соолукка кам көрүү, шаардагы жашоо шарттар туурасында тартылат. Ошондой эле тургундардын шаарга болгон мамилеси жана ой-пикирлери сурамжылоо иретинде жүргүзүлөт.
“Берүүнүн алып баруучусу Жанна Бадоева буга чейин төрөт үйүндө, көрүстөндө, мектеп, медпунктта, ишкана, университетте болгон. Бала бакчада балдар ага өздөрү чыгарган мультфильм көрсөтүштү. Милиция кызматкерлеринин өздүк курамынын парадын тартты. Беш күндүк жумушчу сапарында берүүнүн чыгармачылык тобу 30 жерди тартышат. Берүү Орусиянын “Биринчи каналынын “ эфиринен бир нече айдан кийин берилет”, - деп билдиришти маалыматта.
Айта кетсек, берүүнүн тартылышына Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, туризм департаменти, мэрия жана аталган фонд көмөк көрсөтүүдө.

