super.kg logo

Ошто УКМК кызматкерлери 24 жаштагы жигиттин үйүн тинтишип, күтүлбөгөн нерселерди табышты (видео)

 

Ош шаарындагы жашыруун жабдылган терминалдын ээлеринин мыйзамсыз аракеттери токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-июнда 2000-жылы туулган У.А.нын үйүндө мыйзамсыз терминал жайгашкан жашыруун жай аныкталды. Аталган жерден 19 SIM-бокс, 8 персоналдык компьютер, 2 ноутбук, ошондой эле мобилдик операторлордун 2 миңден ашык SIM-карталары табылып, алар интернет алдамчылыгына, социалдык тармактар аркылуу жалган маалыматтарды жайылтууга, криптовалюталарды уурдоого колдонулган.

"Аны менен катар, мобилдик мессенжерлердеги, банктык эсептердеги жана электрондук капчыктардагы фейк аккаунттар мыйзамсыз катталган. Аталган терминалдын кызматынан экстремисттик жана террордук уюмдардын мүчөлөрү өздөрүнүн укукка каршы ишмердүүлүгүндө пайдалануусу мүмкүн экендиги да жокко чыгарылбайт.

Терминал көп сандагы SIM-карталарды кошуу жана сактоо, бир жолку СМС активдештирүү коддорун алуу мүмкүнчүлүгү менен бирдиктүү шлюзга интеграцияланган техникалык каражаттардын комплексин билдирет. Бул кызмат веб-сайтта жеткиликтүү болуп, эсептерди же электрондук капчыктарды активдештирүү үчүн дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн, анын ичинде Кыргызстандан телефон номерлери бар SIM-картаны сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ош шаарында аныкталган терминал "smshub.org" мыйзамсыз сайттынын дилердик пункттарынын бири болгон", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, өлкө аймагында бул кызматтардан пайдаланган адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.

Маалыматта бул фактка байланыштуу канча киши кармалганы такталган эмес.

УКМК интернетте алдамчылык жана жеке маалыматтарды уурдоо фактылары көбөйүп жатканына байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.






Видео: УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: