super.kg logo

Борбор калаада асма жол куруу пландалууда 

 
Бишкекте 6 чакырымдык асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда калаа башчысы Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анда мэр депутаттарга борбордун социалдык-экономикалык абалы жана муниципалитеттин административдик-аймактык реформанын алкагында аткарган иштери жөнүндө айтып берди.
Манас проспектисин бойлой Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейинки узундугу 6 чакырым, суткасына 50 миңден 100 миң адамды өткөрө турган асма жолдун курулушу каралууда.
Белгилей кетсек, бул долбоор туристтик өзгөчөлүк болуп, шаардын транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Асма жолдорду куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон швейцариялык компания менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди", - деди калаа башчысы.
Азыркы учурда демөөрчүлөр табылып, 300 миң доллар бөлүнүп, техникалык-экономикалык негиздеме "Ропвей" (Ropway) долбоордук группа тарабынан даярдалып жатат. Аталган компаниянын тажрыйбасы чоң, көптөгөн мамлекеттерде ушундай долбоорлорду ишке ашырган (Германия, Италия, Индия).








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: