super.kg logo

Армения Палестинаны мамлекет катары тааныды

 

Армения Палестинаны мамлекет катары тааныйт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин сайтына жарыяланган маалыматта Газа секторундагы абал эл аралык саясий күн тартибинде чечүүнү талап кылган башкы маселеге айланганы, андыктан расмий Ераван Израил менен Палестинанын ортосунда тынчтык орношуна кызыкдар болуп жатканы белгиленген.

"Армения жарандык инфраструктурага кол салууну, элге карата жасалган зордук-зомбулукту, адамдарды барымтага алууну кескин айыптап, эл аралык коомчулуктун барымтадагыларды эч кандай шартсыз бошотуу талабына кошулат. Армения БУУнун Башкы Ассамблеясынын Газа секторундагы ок атууну токтотууга чакырган резолюцияларына кошулган. Армения Жакынкы Чыгышта туруктуулуктун орношуна, еврей жана палестин элинин ортосунда тынчтык өкүм сүрүүсүнө чындап кызыкдар", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ераван Израил-Палестина жаңжалын "эки мамлекет" принцибинин негизинде чечүүнү колдоорун билдирген.

"Армения элдердин эгемендүүлүктө жана тынчтыкта ​​жанаша жашоо принциптерине берилгендигин ырастайт жана Палестина мамлекетин тааныйт", - деп айтылат билдирүүнүн жыйынтыктоочу бөлүгүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: