super.kg logo

Киевде ок атылган казак оппозиционери: Кылмышка эки казакстандык шектелүүдө

 

Украинанын тергөө кызматы Киевде белгилүү казак оппозиционери Айдос Сыдыковдун өмүрүнө кол салуу аракетин жасагандар аныкталганын билдирди. Бул туурасында эл аралык басылмалар өлкөнүн Башкы прокуратурасына көрсөтмө берүү аркылуу жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, бул кылмышка Казакстандын эки жараны – 1988-жылы туулган Алтай Жаканбаев жана 1991-жылы туулган Мейрам Каратаев шектелүүдө. Алар Киевге 2-июнда барып, Садыковго сырттан байкоо салып жүрүшкөн.

Бул факт боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Алар Молдовия аркылуу Ураинадан чыгып кетишкендиктен эл аралык издөө жарыяланып, сот сырттан камакка алды.

Ага ылайык, Казакстандын өлкө башчысы тез арада шектелип жаткан эки казакстандыкты табуу боюнча тапшырма бергендигин маалымат кызматы кабарлады. Ошондой эле шектүүлөрдүн бири Мейрам Каратаев Казакстанда милиция кызматкери болуп иштеп, 2019-жылы жумуштан кеткендиги кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 8-июнда Киевде белгисиз адамдар казакстандык оппозициялык блогер Айдос Садыковго каршы бир нече жолу ок чыгарышкан. Анын абалы оор экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: