super.kg logo

Кайгуул кызматына токтобой качкан унаа жол кырсыгына кабылды (видео)

 

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-июнда Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 20-июнда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда болгон. Ал күнү белгиленген ылдамдыктан ашып бара жаткан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны Кайгуул кызматынын кызматкерлери тосушкан. Бирок унаанын айдоочусу кызматкерлерге токтобой кетип калган. Бирок унаа кийинки жол кыймылынын тескөөчүлөрүнө жетпестен, Mercedes-Benz 208 үлгүсүндөгү унааны артынан сүзүп, андан соң жолдун жээгиндеги бакка урунган.

" Mercedes-Benz 208 унаасынан бир жүргүнчү жана Honda Stepwgn унаасынан эки жүргүнчү Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.






21.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: