super.kg logo
  Саясат  

Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компанияда тааныш-билиштерге кезекти жакындаткандар катуу жазаланарын эскертти

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кызматкерлердин айлык акысы жакын арада жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекке туруу системасы кынтыксыз иштеп, тааныш-билиштерге кезекти жакындатуу мүмкүнчүлүгү болбошу керек. Эгер мындай учурлар катталса, катуу жаза колдонулат", - деп жазган Туманбаев.

Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компанияда санарип кызмат көрсөтүү системасын жөнгө салуу маселесин чечүү приоритетте турат.

"Санариптештирүү элге ыңгайлуу шарттарды түзүү, онлайн бардык маалыматтарды жеткирип туруу талабы коюлду. Мындай кадамдар калкыбызды кыйнабай, убакытты эффективдүү пайдаланууга шарт түзүлөт.

Ар бир кызматкер татыктуу эмгек акы алышы керек. Жогору эмгек акы кызматкерлердин мыкты иштешине стимул болот. Өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасы менен кызматкерлердин айлык акысы жакын арада жогорулайт", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: