super.kg logo

Ростов-на-Донуда Ички иштер министрлигинин кампасы күйүп кетти

 

Ростов-на-Донуда Орусиянын Ички иштер министрлигинин кампасынан өрт чыкты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жана Телеграм каналдары жазып чыгышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт Вятская көчөсүндө жайгашкан №67б имаратында чыккан. Бул даректе Ички иштер министрлигинин Түндүк Кавказ ресурстук базасы жайгашканын жергиликтүү ЖМКлар жана Телеграм каналдары Яндекс картага шилтеме берүү менен такташууда.

Окуя болгон жерге ӨКМдин кызматкерлери баргандан кийин өрт каптаган аянт болжол менен 700 чарчы метр экени белгилүү болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын башчысы Алексей Логвиненко билдирди.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн турак жайларга жайылып кетүү коркунучу жок", - деп билдирди ал өзүнүн Telegram каналында.

Акыркы убакта Орусиянын шаарларында учкучсуз учактардын чабуулунан улам өрт чыккан учурлар көбөйүүдө. Көбүнчө мындай окуялар мунай сактоочу жайларда жана башка отун инфраструктуралык объектилерде болот.

Жума күнү Украинанын Башкы штабы Орусиянын аймагындагы “маанилүү буталарга” бир катар чабуулдар болгонун билдирди.

Ички иштер министрлигинин Ростов кампасында чыккан өрт украиналык учкучсуз учактардын чабуулунан улам келип чыкканбы же жокпу так белгисиз.

Украинанын коопсуздук күчтөрү дагы бул окуя үчүн жоопкерчиликти ала элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: