super.kg logo

Түркиянын түштүк-чыгышындагы ири өрт 11 адамдын өмүрүн алды

 

Түркиянын Диярбакыр жана Мардин облустарынын ортосунда дыйкан-чарба талааларында тутанган өрттөн 11 адам каза болуп, 78 киши жаракат алды. Бул тууралуу 21-июнда өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

Министрдин айтымында, беш бейтап Диярбакырдын реанимация бөлүмүндө жатат, алардын төртөө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Жабыркагандарга жардам берүү үчүн окуя болгон жерге Диярбакыр жана Мардинден 39 "Тез жардам" жана 7 куткаруучу топ жиберилди. Өрт өчүрүлүп, аймакты муздатуу иштери уланууда.

Тилсиз жоо Диярбакыр провинциясынын талааларында 20-июнда тутанып, катуу шамалдан улам тез жайылып, коңшу Мардин аймагына чейин жеткен. Өрттүн тутанышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: