super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Апрель окуясына катышкандарга фабрика куруу үчүн жер бөлүп берди

 

Президент Садыр Жапаров Апрель окуясына катышкандарга фабрика куруу үчүн жер бөлүп берди. Бул тууралуу ал “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде айтты.

Мамлекет башчысы эки жылдан бери 2010-жылы Апрель окуясында жакындары каза болгон жарандар арыз-муңун билдирип келишкенин айткан.

"Былтыр 100гө жакын адам кабыл алуумда болушуп, "Бакиев келип бизге кун төлөп берсин, сиз ушуну камсыз кылып, жардам бериңиз. Сиздин колуңуздан келет. Дубайда мурдагы президенттерди чогулттуңуз го" деп суранышты.

“Туугандар, мени Бакиев менен силердин ортоңорго аралаштырбагыла, ансыз деле менин башка баш оорум көп”, деп баш тарткам. Арадан бир топ убакыт өтүп былтыр күз айларында дагы келишти. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз” деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты. Кыскасы, эски жараны козгобой эле койгула, өткөн өттү, кеткен кетти, унуталы дедим.

Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда. Ошол үчүн жер бөлүп бердим.

Апрель окуясында жакындары каза болгондор 205 киши топтолуп, акционер болуп АК ачышыптыр. Жерди ошол АКга бердик. Жалгыз кишиге берген жокпуз. Эми салынабы же жокпу айта албайм. Себеби апрелчилер менен Бакиев кандай сүйлөшүштү, эмне деп келишишти мага белгисиз. Кыскасы менден кетпесин деп жер бөлүп бердим. Убакыт берели, фабрика салынбаса, жерди кайра мамлекетке тез эле кайтарып алып коёбуз", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: