super.kg logo
  Саясат  

Президент эки өлкө Кыргызстандын 120 миллион доллар карызын кечүүнү убадалаганын айтты

 

Эки өлкө 120 миллион доллар сырткы карызыбызды кечүү боюнча алдын ала убадаларын беришти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы алар кайсы өлкөлөр экенин тактаган эмес.

"Жашыл экономикага" өтүү боюнча Кыргызстан алдыда кетип бара жатабыз десем жаңылышпаймын. Өлкө боюнча 60тан ашык орто жана чакан ГЭСтерди куруп жатабыз. Күндөн, шамалдан энергия алчу станциялар курулуп жатат. Электромобиль чыгарчу завод быйыл ишке кирет. Мындан сырткары тышкы карызыбызды жойдуруп, "Жашыл экономикага" алмаштыруу боюнча бир топ өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.

Эки өлкө 120 миллион доллар сырткы карызыбызды кечүү боюнча алдын ала убадаларын беришти. Кудай буюрса, жылдын аягына чейин 120 миллион доллар сырткы карызыбыздан кутулабыз. Албетте, бул акчаны "Жашыл экономикага" өтүүгө колдонобуз. Өлкөбүздү жашыл өлкөгө айлантабыз", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: