Бишкектин борборунда Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги ачылды
Бүгүн, 22-июнда Бишкектин борборунда СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун ишмерлери, кино ишмерлери, замандаштары, жакындары жана эстеликтин авторлорунун катышуусунда болду.
Эстелик "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанына, Чүй менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүнө орнотулган. Байсалов бул эстелик бүт өмүрүн искусствого, элге кызмат кылууга арнаган улуу инсанга ыраазычылык жана урмат-сый билдирүү максатында тургузулганын белгиледи.

