Түндө Чүйдө жер титиреди
Өлкө аймагында 22-июнда саат 23:10до жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Горная-Маевка, Арашан, Кой-Таш айылдарында 3,5 балл, Бишкек, Кант шаарларында, Интернациональное айылында, Байтик, Чоң-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Кант шаарынан 25 чакырым түштүк батышта, Горная Маевка айылынан 3 чакырым түштүктө, Кой-Таш айылынан 7 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Тактоо иштери жүрүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.