Легендарлуу Калашниковдун сөөгү ал көп жылдан бери иштеп келген Ижевск шаарына коюлат

Кечээ, 23-декабрда каза тапкан курал-жарак конструктору Михаил Калашниковдун сөөгү Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда, Удмуртиянын президентинин басма сөз катчысы Виктор Чулков билдирди.
Ал “Коштошуу зыйнатынын датасы азырынча так белгилене элек. 26-декабрга пландаштырылып жатат. Себеби чет өлкөлүк коноктордун келиши күтүлүүдө. Иш-чараны уюштурууну өкмөт өз моюнуна алды” деп кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

