Бишкекте түнкүсүн элге уйку бербеген айдоочулар кармалды (видео)
Бишкекте түнкүсүн жарандарга уйку бербеген айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар ичинде жарандардын түн уйкусун бузуп, тынчын алган, унааларына каттуу үн чыгаруучу каражаттарды орноштуруп алган 5 айдоочу кармалды.
Аларга Укук бузуу кодексинин 194-беренесине ылайык, мыйзамсыз жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды орнотуп алгандары үчүн ар бирине 5500 сомдон айып салынып, унаалары айып короо жайына токтотулду.
Мындан ары да коомчулуктун тынчын алган айдоочуларга мыйзамдын чегинде катуу чаралар көрүлөрү кошумчаланды.
Видео: ЖКККББ
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.