super.kg logo

Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү эки цех курулууда

 
Баткен районунда мөмө-жемишти кайра иштетүүчү эки цех курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, Ак-Татыр айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат. Ишкана күнүнө 8 тоннага чейин мөмө-жемишти кайра иштетип, кургатып, таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аталган ишкананы курууга 22 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл курулушу аяктоосу пландалган ишканада 10 адамга жумуш орду түзүлөт.
Ошондой эле Дара айыл аймагында муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда. 500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна республикалык бюджеттен 7 миллион сом каралган. Өнөктөш катары КОЙКА уюму 10 миллион сом салым кошкон. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн.
Быйыл бүткөрүүсү пландалган ишкананын жыл соңунда эки муздаткычы ишке берилет. Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы дыйкан чарба, айыл чарба кооперативдердин мөмө-жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Муздаткычтуу кампа Дара айыл аймагында өрүктүн эрте бышуучу, кургатылбаган "ак өрүк"сортун жана кулпунайды сактоого зор өбөлгө болот дейт адистер.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: