Дагестанда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды
Дагестанда 24-июндан 26-июнга чейин согушкерлердин Махачкала менен Дербентте диний имараттарга жана полицияга кол салууларына байланыштуу аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Дагестандын башчысы Сергей Меликовдун администрациясы кабарлады.
Белгиленгендей, үч күндүк аза күтүү учурунда республика аймагында мамлекеттик туулар түшүрүлүп, бардык оюн-зоок программалары жана иш-чаралар токтотулмакчы.
Бийлик каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлөрүн билдирген.
Белгилей кетсек, 23-июндун кечинде белгисиз адамдар Дербенттеги синагога менен чиркөөгө автоматтан ок атышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, теракттан 15тен ашык полиция кызматкери набыт болгону айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.