super.kg logo

Америкада 20 жыл өлүм жазасын күткөн жаран күнөөсүз деп табылды

 

Техас соту 20 жыл өлүм жазасын күтүп, 1977-жылы жасалган адам өлтүрүү боюнча кылмышта өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө аракет кылган америкалыкты актады. Бул тууралуу 23-июнда CNN телеканалы билдирген.

Маалымдалгандай, Керри Макс Кук аттуу жаран кошунасы Линда Жо Эдвардсты зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөн деп эки жолу – алгач 1979-жылы, андан соң 1994-жылы өлүм жазасына кесилген. Ал өкүм боюнча даттанууга аракет кылган, бирок сот аны канааттандырган эмес.

Ага ылайык, ал 1999-жылы тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн моюнуна алган.

"Ушул аптада Техастын апелляциялык соту Кукка көрсөтүлгөн далилдердин туура эмес экендигин, жалган күбөлөр көрсөтмө бергендигин аныктап, актаган. Бул кылымышка күнөөлүү болуп экинчи шектүү кармалган.

68 жаштагы Кук, Америкадагы 1973-жылдан бери өлүм жазасына кесилип, бирок акталган 199 адамдын бири", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, өткөн жылдын 21-декабрында Оклахома соту адам өлтүрүү менен 48 жыл түрмөдө отурган 71 жаштагы Глинн Симмонсту актаган.

Белгиленгендей, 1975-жылы америкалык жаран өлүм жазасына тартылып, ал эми 1977-жылы өкүм өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: