Бишкекте экскалаторго буту кыпчылып калган үч жашар кызга операция жасалды
Бишкектин соода борборлорунун биринде буту эскалаторго кыпчылып калган 3 жашар кызга операция жасалды. Бул туурасында бүгүн, 24-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына тастыкташты.
Маалымдалгандай, наристенин кан тамыр, булчуңдары жанчылып калган.
“Алгач кызга буту сынган деген диагноз коюлган. Учурда анын абалы туруктуу. Ал №3 Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында тиешелүү дарылануудан өтүүдө", - деп билдирди министрликтен.
Айта кетсек, кечээ, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги соода борборлордун бириндеги эскалаторго жаш баланын буту кыпчылып калганын кабарлаган. Куткаруучулар кызды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.