Өзбекстандын президенти Дагестандагы терактты айыптады
Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев орус кесиптеши Владимир Путинге көңүл айтып, Дагестандагы теракттарды айыптады. Бул тууралуу өзбек лидеринин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путинге Дербент жана Махачкала шаарларында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана жөнөкөй жарандардын көп сандаган курмандыктарына алып келген теракттарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү", - деп жазды Асадов өзүнүн Telegram каналына.
Асадов Өзбекстандын лидери Дагестандагы теракттарды кескин айыптаганын жана бул чакырыктарга каршы күрөштө тиешелүү түзүмдөрдүн активдүү өз ара аракеттенүүсүн улантууга даяр экенин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.