Өлкөнүн эр эңиш боюнча курамасы Дүйнө чемпиондугунан 5 медаль жеңди
Өлкөнүн эр эңиш боюнча курама командасы Дүйнө чепиондугунда 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Татарстандын борбору Казан шаарында 21-23-июнь күндөрү болгон мелдеште кыргыз курамасы 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло жеңген.
"Акыл Сагынбеков жана Турдукул Абдырхманов алтын медалга ээ болсо, Күмүшбек Кыдыралиев 2-орунга татыды. Ал эми Жекшенбек Турдубеков жана Ислам Бердибек уулу коло медаль тагынышты", - деп айтылат маалыматта.
Департамент Дүйнө биринчилигине курама команда башкы машыктыруучу Нурлан Турдубаев жана улук машыктыруучу Кубаныч Изабаевдин жетекчилиги алдында катышканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.