Кыргызстанда дагы бир майрам пайда болушу мүмкүн
Бүгүн, 24-июнда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети "Аталар күнүн" белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды.
Эми аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынына экинчи жана үчүнчү окууда кароого киргизилет.
Долбоордун демилгечилери: Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Кубанычбек Самаков, Медербек Алиев.
Эске салсак, парламенттин ушул эле комитети 10-июндагы жыйынында аталган мыйзамды биринчи окууда жактырган болчу. Ага ылайык, өлкөдө жыл сайын 15-март "Аталар күнү" катары белгиленмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.