super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Төмөнкү Ала-Арча айылындагы чуңкурлар жамала баштады

 

Төмөнкү Ала-Арча конушунда жайгашкан Кыргызская көчөсүндөгү чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Бишкектин Свердлов администрациясынан билдиришти.

"Мындан тышкары Транспорт министрлиги тарабынан бул жуманын ичинде Курманалиев көчөсүндөгү чуңкурларды оңдоо иштери пландаштырылууда", - деп кошумчалашты.

Эске салсак, буга чейин порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурманыбыз аталган эки көчөнүн абалын чагылдырган видео менен бөлүшүп, жол оңдоого муктаж экенин айткан болчу. Анын айтымында, Кыргызская көчөсү менен Курманалиев кыска көчөсүнүн кесилишиндеги чуңкурдан өтүш үчүн унааны каршы тилке менен айдоого туура келет.

"Бул жак каралбайбы? Тиги жакта бир айдоочу Ахунбаев көчөсү жасалыптыр деп кубанганынан ыйлап жатат. Бул жакта биз жолдун начарынан ыйлап жатабыз. Эки көчөнүн кесилишинде бир метрдей чуңкур бар. Бул жерден өтүү үчүн каршы тилкеге чыгыш керек. Курманалиев көчөсүнөн кичи автобус жүрөт. Эми жакында жаңы автобус жүрөт деп жатышат. Автобусту кантип айдатканы жатышат билбейм. Өйдө жак эле жасала береби? Бул жак каралбайбы?" - деген окурман.






24.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: