super.kg logo
  Саясат  

Эксперт мамлекеттик геология ишканасы "Кумтөр" кениндеги күмүштү иликтөөгө албай жатканына нааразы

 

“Кыргызстандын мамлекеттик геология мекемеси Кумтөр кениндеги күмүштүн запасын изилдөөгө албай жатат. Анын канчалык баалуу металл экендигин баарыбыз билебиз”,- дейт парламенттеги "Кумтөр" долбоору боюнча өтүп жаткан коомдук угууда эксперт Максат Мамырканов. Анын айтымында, "Кумтөр" кениндеги күмүштүн запасы болжол менен 388 тоннаны түзөт. 

Эске салсак, 2013-жылдын 23-октябрында Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт сунуштаган "Кумтөр" долбоору боюнча өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду депутаттар талкуулап, аны колдогон эмес. Эл өкүлдөрү кайрадан сүйлөшүү үчүн министрлер кабинетине убакыт берген. 

Кошумчалай кетсек, Башкы прокуратура тарабынан документтерди жалган жасоо фактылары жана коррупциялык схемалар табылып, "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча "Камеко" корпорациясы менен 2003-жылдын 12-16-декабрында Торонто шаарында жалпы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн ошол кездеги өкмөтүн эксперттер тобунун мүчөлөрү кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: