super.kg logo

Баткенде селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө 

 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Ага ылайык, бүгүн саат 14:40 чамасында Ак-Татыр айыл аймагында тоолорго жааган жамгырдын улам сел өткөрүүчү сайларга сел суулары түшкөн. Анын кесепетинен Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 278-чакырымында убактылуу унаа каттамы үзгүлтүккө учураган.
Ал жерге Баткен райондук ӨКБнын башчысы Т. Турдуев жана Өзгөчө кырдаалдарга маниторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башкы адиси И. Ормонов баштаган ыкчам топ тартылды.
"Натыйжада 2 турак үйдүн жер төлөсүн тазалоо жумуштары колго алынды. Жалпы 20 куткаруучу, ал эми саат 21:59да Аэрапорт тилкесинде жашаган жергиликтүү элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн Самаркандек айылындагы №31 ӨККБдан автобус, АСМ атайын техникасы тартылды", - деп билдирди министрликтен.
Кошумча маалымат берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: