Өзбекстандын укук коргоочулары Швейцариядагы Гүлнара Каримованын үйүн басып алышты
Кечээ, 23-декабрда Өзбекстандын укук коргоочулары өлкөнүн президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын Швейцариянын Женева шаарындагы үйүн басып алышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алар бул маалыматты Швейцарияда турган 52 жаштагы саясий качкын Сафар Бекчондун айтымы боюнча беришкен.
Сафар Бекчон бул тууралуу “Биз анын үйүн уурулук максатында басып алган жокпуз. Негизги максатыбыз – Өзбекстандын калкынын акчасына курулган жана эч ким жашабаган үйгө көңүл бурдуруу. Бизди бул үйдөн бир гана сот чыгара алат. Ошол сотко Гүлнара Каримова өзү катышышы керек” деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

