super.kg logo

Тажикстанда той өткөрүү жана маркумду акыркы сапарга узатуу эрежелерин бузгандарга айып пул көбөйдү

 

Коңшу Тажикстандын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине түрдүү майрамдарды жана салтанаттарды өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуу боюнча өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, эми жергиликтүү бийликке салтанатты же аземди өткөрүү ниетин билдирбегендерге жана ошондой эле иш-чаралардын жүрүшүндө акча жаадырып, акчаны тараткандыгы үчүн - 720 сомони же 67 доллар айып пул салынат;

Туулган күндү, сүннөткө отургузууну жана баланын төрөлүшүнө, сөөк коюуга жана ат коюуга байланыштуу башка каада-салттарды өткөрүүнүн тартибин бузгандыгы үчүн жеке жактарга 8640 сомони же 815 доллар өлчөмүндө айып салынат. Аткаминерлерге 25 200 сомони же 2377 доллар айып салынат.

Тажикстанда каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу боюнча мыйзам 2007-жылдын июнь айында күчүнө кирген. Ал майрамдарды, ырым-жырымдарды өткөрүүдө калкты үнөмдөөгө мажбурлоо максатында кабыл алынган. Бул мыйзамды бузганы үчүн тажикстандыктар жыл сайын жүз миңдеген доллар айыпка жыгылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: