Таласта мөндүрдөн улам 50 гектарга жакын эгин талаа зыянга учурады (видео)
Талас облусунун Бакай-Ата районунда кечээ, 24-июнда кечке маал мөндүр аралаш жамгыр жааган. Табигый кубулуштун кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон, 1-Май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин талааларына зыян келтирилген . Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, Боо-Терек айылында катуу шамал болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Абалды жеринде Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана район акими көрүштү.
Учурда айыл аймак тарабынан келген зыянды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Таласта мөндүрдөн улам 50 гектар эгин талаасы зыянга учурады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.