super.kg logo

Зеленский Украина Орусиянын канча мунай иштетүүчү заводуна сокку урганын айтты

 

Украина Орусиядагы 30дан ашык нефтини кайра иштетүүчү заводдор менен мунай базаларына ийгиликтүү сокку урду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Украинанын коопсуздук кызматынын (УКК) “А” атайын операциялар борборун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

Ал Орусиянын күйүүчү май инфраструктурасына кол салуулар Украинанын жеңишин жакындатат деп баса белгиледи.

"Буга чейин отуздан ашык нефтини кайра иштетүүчү заводдор, терминалдар жана мунай базалары жабыркаган. УКК учкучсуз учактары үчүн бир жарым миң чакырым аралык көйгөй эмес”, - деди Зеленский.

Аскердик эксперт жана запастагы полковник Петр Черник буга чейин Украинанын УНИАН маалымат агенттигине Орусиянын олуттуу зыянга учурашы үчүн канча мунай заводун жок кылуу керектигин айткан.

Ал Орусиянын отун потенциалынын 50 пайызга жакынына сокку уруу керектигин, ошондо бул согуш аракеттеринин жүрүшүнө ачык таасир этерин белгилеген. Черниктин айтымында, азырынча Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын мунай иштетүү потенциалынын 15 пайызга жакынына жете алды. Ал кошумчалагандай, Москвада 30га жакын ири мунай заводу жана 50гө жакын чакан завод бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: