"Хизбут-Тахрир" диний уюмунун ишмердүүлүгү - Бишкек шаарынын дин жаатындагы негизги көйгөйлөрдүн бири
Бүгүн, 24-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде
ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин
көчмө жыйыны өтүүдө. КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматында борбордогу диний көйгөйлөр тууралуу жазылган.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бишкек шаарынын дин тармагындагы көйлөрүндө "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик партиясынын ишмердүүлүгүнүн күчөшү жана уюмдун мүчөлөрү өз алдынча иш алып барып жатканы айтылган.
Мындан сырткары прозелитизм проблемасынын жана миссионердик иштердин күчөп жатышы жана диний мекемелердин курулушу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көзөмөлдөнбөй жатканы белгиленген.
Ошондой эле көйгөйлөрдүн катарында мектеп окуучуларынын сабактарды таштап мечиттерге баруусу жана диний окуу жайларындагы шарттардын жоктугу көрсөтүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

