super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сыдыгалиев мамлекеттик кызматка коррупционерлердин жакындарын албоону сунуштады

 

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев коррупционерлердин жакындарын мамлекеттик кызматка алууга жол бербөөчү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.

Жыйында "Судьялардын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Анда демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев судьялыкка талапкерлердин жакын туугандарынын оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулугу жок болушу керектигин белгиледи.

Талкуу маалында Нурбек Сыдыгалиев мыйзам доолборунда "коррупционерлердин туугандары да судья боло албайт деген жобо барбы?" деп тактады.

"Атасы коррупционер болсо, баласы мамлекеттик кызматкер болбошу керек", - деди ал.

Маматалиев экинчи жана үчүнчү окууда сунуштар кабыл алынбай турганын эске салып, бул боюнча кайра мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.

Ага улай Сыдыгалиев 1990-жылдан бери мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип алгандардын аты-жөнүн жарыялоону сунуштады.

"Ошол учурда мамлекеттин менчигинен жүздөгөн гектарларды, базаларды чыгарып алышкан. Ошолордун эмдигиче темирин сатып бүтө албай жатышат. Алар кимдер экенин дагы эл билсин", - деди эл өкүлү.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.






Жогорку Кеңеш 25.06.24

Жогорку Кеңеш 25.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: