super.kg logo

Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү милиция кызматкери куткарып калды (видео) 

 

Ысык-Көл ОИИБинин милиция кызматкери Ринат Токоев көлгө чөгүп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ИИМден билдирди.

Маалым болгондой, окуя Пристань-Пржевальск шаарчанын аймагында жайгашкан Каракол шаардык пляжына жакын жерде орун алган. Саат 13:00 чамасында көлгө түшүп жаткан бала чөгө баштаганда милициянын улук лейтенанты Ринат Токоев окуяны ыкчам баалап, дароо өспүрүмдү куткарууга киришкен.

Ринат Токоевдин ыкчам аракети жана кесипкөйлүгү менен бала жээкке ийгиликтүү чыгарылып, ага биринчи жардам көрсөтүлдү.

Кийин өспүрүм туугандарына өткөрүлүп берилген. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланып, өмүрүнө коркунуч жок.

"Бул биздин кызматкерлердин өз кесибине берилгендигинин жана кесипкөйлүгүнүн мисалы. Биз жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун коргоого ар дайым даяр болгон Ринат Токоев сыяктуу кесиптештерибиз менен сыймыктанабыз", - деп белгилешти башкармалыктан.


Улук лейтенант Ринат Токоев ички иштер органдарында 12 жылдан ашык иштеп, 2019-жылдан бери туристтик-экологиялык милицияда кызмат өтөп келет. Анын көрсөткөн эрктүүлүгү, туристтик аймактарда үзгүлтүксүз кезмет иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн жана милиция кызматкерлеринин ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтарууга даярдыгын дагы бир жолу баса белгилейт.

Ысык-Көл облусунун милициясы бардык эс алуучуларды көлдө коопсуздук эрежелерин сактоого жана жакындарына өзгөчө көӊүл буруп, этият болууга чакырат.






Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү милиция кызматкери куткарып калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: