super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Үрүмчүгө барды. Аны өзгөчө унаа менен тосуп алышты (сүрөт)

 

Бүгүн, 25-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарына келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, МинКаб “Кытай - Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышат. Анын жүрүшүндө ЭКСПОго катышкан өлкөлөрдүн делегация башчылары менен жолугат, ошондой эле көргөзмөгө коюлган дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын продукциялары менен таанышат жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн күркөсүндө болот.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАРдын Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп, эки тараптуу кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзөт.

Мындан тышкары ал Кытайдын бизнес-коомчулугунун жетекчилери менен жолугат. Андан соң Хами шаарында ири компаниянын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат.

Жумуш сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: