super.kg logo

Легендарлуу Рой Жонстун уулу өз жанын кыйды. Атасы билдирүү жасады

 

Төрт дивизион боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, америкалык мушкер Рой Жонс кичүү уулу ДеАндре Жонстун өз жанын кыйган трагедиялуу өлүмүн жарыялады.

Социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүндө Рой Жонс уулу акыркы түнүн үй-бүлөсүнүн жанында өткөргөнүн айтты.

енин уулум ДеАндре ишемби күнү өз өмүрүнө кол салды. Ал жума күнү үйгө келип, өмүрүнүн акыркы түнүн үй-бүлөсү менен өткөрдү, бул үчүн Жаратканга ыраазымын. Мен билем, көп адамдар азыр оор күндөрдү баштан кечирип жатышат, бирок эч нерсе өмүрүн кыйууга арзыбайт.

Бул жоготуу процессинде менин жана менин үй-бүлөмдүн купуялуулугун сыйлашыңыздарды суранам. Колдооңуздар үчүн рахмат”, - деп жазды Рой Жонс.

ДеАндре Рой Жонстун үч баласынын бири болгон, ошондой эле анын Дешоун жана Рой Жонс III аттуу эки уулу бар. Баары расмий жубайы Натлинден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: