super.kg logo

Жалал-Абадда кызмат адамдары 5 миллион сом кымырып алууга шектелип кармалды

 

Жалал-Абад облусунда кызмат адамдары 5 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз пайдаланышкан. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаткал районундагы Маданият үйүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын ыйгарып алуу фактысы аныкталды.

"Маданият үйүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында, кызмат адамдары тарабынан 5 миллион 255 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алуу, кызматтык автоунааны эсептик баасын төмөндөтүү жана документтерди жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактылары такталды", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин алкагында мурдагы директор Н.Н. жана башкы бухгалтер Б.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: