super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Үрүмчүдө Өзбекстандын өкмөт башчысы менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Үрүмчү шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту. Бул туралуу бүгүн, 25-июнда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар буга чейин белгилеген мамлекеттер аралык кызматташуунун күн тартибиндеги 3 инфраструктуралык долбоор тууралуу кенен баарлашкан. Жолугушууда алгач "Камбар-Ата-1" ГЭСи жана Чаткал дарыясына ГЭС куруу жөнүндө сүйлөшүүлөр болгон.

Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөт башчылары Талас-Чаткал-Ташкент унаа жолун куруу долбоорун талкуулашып, бул долбоор ишке ашырылса өз ара соода жүгүртүү жогорулап, эки мамлекеттин туристтик потенциалы жакшырарын белгилешкен.

Мындан тышкары Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр жеткирүү боюнча жана көмүр логистикалык борборун куруу тууралуу сүйлөшүүлөр орун алган.

"Тараптар жогорудагы инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү боюнча практикалык чараларды көрүү эки өлкө ортосундагы бир туугандык стратегиялык мамилелерди бекемдээрин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна иш сапары менен келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: