super.kg logo

Дагестандагы теракт: Мамлекеттик кызматкерлер текшерүүгө алынат

 

Махачкала жана Дербенттеги чиркөөлөргө жана синагогаларга согушчандардын кол салууларынан кийин жетекчилик кызматтагылардын кылган кызматы кылдаттык менен текшерилет. Бул тууралуу Дагестандын башчысы Сергей Меликов улуттук ассамблеянын жыйынында билдиргендигин орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, ал кол салгандардын арасында бир күн мурун кызматтан алынган Сергокалин районунун башчысы Магомед Омаровдун жакындары бар экенин эске салды.

“Райондун башчысы балдарын окута албаса, кантип муниципалитетти жетектеди? Кол салган топтун мүчөлөрүн карап көрсөк, колунда бар, спортто жана башка багытта ийгилик жараткан адамдар болуп жатат. Балким, уктап жаткан башка башчылардын ушундай топтору бар? Текшериш керек”, - деген Меликов.

Айта кетсек, Махачкала жана Дербенттеги окуяда Сергокалин районунун башчысынын балдары, жээни катышкандыгы айтылып, ал суракка алынган. Анда ал көп жылдан бери балдары жана жакындары менен мамиле курбай койгондугун билдирген.

Эске салсак, 23-июнда куралдуу адамдар Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөөгө жана синагогага, ошондой эле Махачкаладагы МАИ постуна кол салышкан. Атышуудан 25 адам каза болгондугу айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.06.2024. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кандай диндердин жана маданияттын адамдары менен өз ара аракеттенүү толеранттуулукту жана ар кандай көз караштарды урматтоого жардам берет. Желекти өрттөсөңөр бейишке чыгасыңар деген жалган динди таратып жатышат. Жаштарды көбүрөөк музыка, бий, көркөм чыгармага кызыгуусун арттырыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: