super.kg logo

Түндүк Корея Түштүк Кореяга кайрадан таштанды шарларын учурду

 

Түндүк Корея Түштүк Кореяны көздөй кайрадан таштанды байланган шарларын учурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Түндүк Корея таштанды байлап учурган шарлар борбор шаар Сеулга чейин шамалдын багыты менен келген. Шаар бийлиги тургундарга таштанды шарларга тийбөөгө чакырды. Бул ирет 350дөй шар Түндүк Кореядан Сеул тарапты көздөй учурулган.

3-июнда Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши эки мамлекеттин чек арасы аркылуу аба шарларын учуруу уланып жаткандыктан, Түндүк Корея менен аскердик келишимди токтотуу чечимин кабыл алган.

Түштүк Кореянын бийликтери бул келишим менен чектелген демаркация сызыгына жакын жерде аскердик машыгууларды өткөрүүгө, ошондой эле Түндүк Кореянын чагымчылдыгына каршы дагы адекваттуу жана тез чараларды көрүүгө мүмкүндүк берерин тактады.

9-июнда Түндүк Корея Түштүк Кореяга кайрадан таштанды байланган миңдей шарды учурган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: