super.kg logo

Илим Карыпбеков: "Өлүм менен өмүрдүн мизинде жүргөндө жашоону баалайсың" (видео)

 

SUPER.KG порталынын маек төрүндө бул жолу дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырып келген альпинист, активист Илим Карыпбеков болду.

Белгилей кетсек, Илим Карыпбеков ушул жылдын май айында Эверест чокусун ийгиликтүү багындырган.

Маектешүүдө ал тоолор адамды, жашоодогу баалуулуктарды да өзгөртөөрүн айтты.

"Тоо мен үчүн бүт баалуулуктардын деңгээлин бийиктикке көтөрөт. Жөн эле дем алганың, суу ичкениң үчүн бактылуу болуп жатсаң. Минтип отурганыма, жакындарым менен жүргөнүмө, мотоциклимди айдап алып шаарды кыдырып жүргөнүмө кандай ырахат алып жашайм. Тоо өзгөртөт. Көпчүлүк, 95 пайыз адамдар бактылуу боло турган чөйрөнү өзүлөрү сезе билбейт. Аны эске албайт, бакытты башкадан: миллион доллардан, 3 кабаттуу үйдөн, 150 миң долларлык унаадан көрө берет. Ага жетсем бактылуу болот элем дешет. А бирок мурда эле бактылуу экенин сезбейт", - деди ал.

Мындан тышкары ал баарлашууда чокуга чыгуу канчалык кыйын болгонун, жадакалса өлүм коркунучуна кептелип аман калганын, кайрадан чокуга чыгуу себебин айтып берди.

Маекти толугу менен порталдын Ютуб каналынан көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: