super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбаны Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду

 

Өлкөнүн жаштар арасында эркин күрөш боюнча (U 17) курама командасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынган.

Спортчу 60 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде катышып, жалпы 4 беттеш өткөргөн. Алгачкы кармашында монголиялык Пуревбаатар Баасанхууну 8:0 эсебинде, чейрек финалда 10:0 ири эсебинде өзбекстандык Санжарбек Анварбековду, жарым финалда кытайлык Чентао Ванды 10:0 эсебинде артта калтырган. Ал эми финалдык беттеште коңшу казакстандык Бекассыл Ассамбек аттуу балбанды 4:0 эсебинде жеңип алган.

"Ушуну менен Өмүрбек Асан уулу үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды. Буга чейин 2022-жылы (U 15) жана 2023-жылы (U 17) дагы эркин күрөш боюнча жеңүүчү болгон", - деп айтылат маалыматта.






26.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: