super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында, “Кытай-Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, алгач ЭКСПОго катышуу үчүн келген мамлекеттердин делегация башчыларын КЭР СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз тосуп алды. Делегация башчылары атайын даярдалган “Кытай-Евразия ЭКСПО”павильондорун расмий ачышты.

Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуй, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка делегация башчылары, ошондой эле эл аралык ири уюмдардын жетекчилеринин сүрөткө түшүү аземи болуп, биргеликте эл аралык көргөзмөгө коюлган дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын продукциялары менен таанышты.

Жалпы 100 миң чарчы аянтты ээлеген көргөзмө инвестициялык кызматташтык үчүн көргөзмө аянты, эл аралык көргөзмө аянты жана адистештирилген тармактар боюнча көргөзмө аянты делип үч багытка бөлүнгөн. Ага дүйнө мамлекеттеринин энергетика, атайын жабдууларды чыгаруу, жеңил өнөр жай, санариптик технология, айыл чарба, тамак-аш азыктары, маданият жана туризм тармактары сыяктуу 10 миңден ашуун компания катышууда. Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында 60тан ашык форум жана атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын Улуттук күркөсү орнотулган. Ага 70тен ашык ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышып, 110дон ашуун продукциянын түрлөрү коюлган. Негизинен тамак-аш азыктары, экологиялык жактан таза кургатылган жер-жемиштер коюлган. Кыргызстандын бул көргөзмөгө катышуусунун негизги максаты кыргыз товарларын Кытай базарына чыгаруу.

Белгилей кетсек, Азия менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсү КЭР СУАРдын Үрүмчү шаарында 26-30-июнь күндөрү уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: