Балыкчыда 24,7 миллион сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл облусунда 24,7 миллион сомго бааланган жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын айлампасы тарабында жайгашкан 2,75 гектар жер тилкеси боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтери сот тарабынан жараксыз деп табылды. Тиешелүү доо арызды прокуратура караган.
"Натыйжада, шаардык мэрияга прокуратура тарабынан талап коюлуп, прокурордук актынын негизинде орточо базар баасы 24 миллион 750 миң сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылып алынды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.