super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамашова "7-Апрель ынтымагы" коомунун жетекчисин жумуштан алууну талап кылды

 

Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова "7-Апрель ынтымагы" ачык акционердик коомунун жетекчиси Усупбий Шеримбаевди кызматтан алууну талап кылды.

Анын айтымында, бийлик жер берген акционердик коомдун башчысы Шеримбаев буга чейин сексуалдык ыдык көрсөткөн деген айып менен соттолгон.

"Бул адам педофилия боюнча соттолгон. Өзүнүн тууганына кол салган. Мындай адамдар эч качан жетекчиликте болбошу керек. Өзгөчө Апрель революциясынын баатырларынын төрүндө отурбашы керек. 15 жашар кызга кол салып, соттолгон адам бул кызматта отурбашы керек. Ишкананы таза баатырлардын бири жетектесин", - деди ал.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Апрель окуясына катышкандарга фабрика куруу үчүн жер бөлүнүп берилгенин билдирген. Анда өлкө башчы 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткандар "биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз" деп кайрылышкандарын айткан.






Жогорку Кеңеш 26.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: